«Бай Түшүм» банкынан «Жайкы банк мектеби» башталат

30.05.2019, 10:00 Акчабар
«Бай Түшүм» банкынан «Жайкы банк мектеби» башталат

Бул жылы   «Банктын жайкы мектеби» иш-чарасы «Бай Түшүм» банкы тараыбынан  уюштурулуп, адаттагыдай эле Бишкек менен Ош шаарларында өтөт. Борбор калаадагы окуулар  17- июндан 12-июлга чейинки аралыкта өтсө, а түштүк борбордо– 8-июлдан 2-августка чейин улантылат.

 «Банк мектебине» арыз берүү Ош шаарында 28-июнда аяктаса, Бишкекте– дүйшөмбү 3-июнь акыркы күн. Окутуу АКЫСЫЗ. Окуу маалында студенттер банк ишмердиги боюнча төмөндөгү багыттар боюнча: банк эсеби, финансы анализи, эсептик-кассалык тейлөө боюнча операцияларды жүргүзүүжана банк аманаттары, кардарлар менен коммуникация, сатуу боюнча билим алышат. Тренер-коуч болуп банктарда иштеген тажрыйбалуу  адистер окутушат. 

 «Банк мектеби» эки апта лекция, презентация, практикалык тажрыба жана мастер -класстардан турат. Ошондой эле, экки апта банкта практикалык иш. Анда банк мектебинин окуучулары реалдуу банк кызматтарын аткарышып, тажрыйба топтошот. 

«Эгерде банк мектебин аяктаган студенттер  алган билимин эки апталык тажрыбалык иште мыкты аткарып, жакшы ийгиликке жетишип, сынактан өтсө, анда аны жумушка кабыл алабыз.  Ошондуктан, «Банк мектебинин»  катышуучуларына бул чон шыктандыруу берет», – деп билдирди кардарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жазгүл Момуналиева.

Кимдер катыша алат?

Баардык окуу жайды бүткөн студенттер, кимге банк кызматы кызык болсо. «Банк мектеби» – банкта иштөөгө мүмкүнчүлүк ачкан кадам. Анда тажрыйбаңыз жок болсо дагы, окуп үйрөнүүгө баардык шарттар бар. 

 «Банк мектебине» кантип катышуу керек?

Болгону бизге резюмеңизди ➡baitushum@baitushum.kg «Банк мектеби. Бишкек» же «Банк мектеби. Ош» деп жөнөтүп, кыялыңыздагы кесипке ээ болуңуз. 

Тэги: Школа банкира обучение Бай Тушум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу