МС аркылуу акча чыгаруу 2.7 трлн теңге жетип, ал жыл мурдагы 1.5 трлн теңгеге караганда өсүү болгон. Ал эми Visa көрсөткүчтөрү эч өзгөргөн эмес. Өсүү болгону 1% болгон деп жазат finprom.kz. сайты
Казахстандын эмитети аркылуу нак акча чыгаруунун көлөмү 2019-жылдагы январь — май айларында 6.2 трлн теңге жетип — бул 2018-жылдагы дал ушул мезгилге караганда 24.6% көп.
Эл аралык карталар аркылуу 99.99% нак акчалар чыгарылса, локалдуу карталарда — 659.3 млн теңге, ал былтыркы ушул малга салыштырмалуу 87.8% аз.
Акча чыгаруунун 96% көлөмү эл аралык Visa менен MasterCard аркылуу жасалууда. Visa International лидер болуп: 3.3 трлн теңге жеткен. Бул былтыркыга караганда 0.4% өсүп, сумсмардык эсепте 2.7 трлн теңге MasterCard Worldwide аркылуу нак чыгарылып, жылдык өсүү 77.9% жеткен.
MasterCard Visa эл аралык системасын басып өтүүдө. Салыштырсак: 2018-жылы январь-май айларында Visa 3.2 трлн теңге, ал эми 1.5 трлн теңге MasterCard нак акчага айланткан.
Казахстандын аймагында 2018-жылы январь— май айларында нак акчага айлантуунун көлөмү 6.1 трлн теңге — же былтыркыга караганда 22% көп. Банкоматтар аркылуу акча чыгаруу адаттагыдай эле басымдуу: 5.1 трлн теңге,жылдык өсүү— 21.1% барган. Ал эми POS-терминалда 1 трлн теңге чыгарылып, жылдык өсүү 27.1% жетти.