MegaCom'дун колдоосу менен №3 балдар ооруканасында ЛОР-бөлүм оңдоп-түзөөдөн өттү

14.10.2021, 18:42 Акчабар
MegaCom'дун колдоосу менен №3 балдар ооруканасында ЛОР-бөлүм оңдоп-түзөөдөн өттү

Бүгүн, 14-октябрда, Бишкектеги №3 шаардык балдар клиникасынын дарылоо мекемесиндеги жаңыланган ЛОР-бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү.

Бөлүмдү оңдоп-түзөө иштери MegaCom мобилдик операторунун демилгеси менен жүргүзүлдү. 2021-жылдын апрель айында МegaCom компаниянын 15 жылдык мааракесине карата салтанатты өткөрүүдөн баш тартып, ага жумшала турган каражатты өлкөнүн бардык аймактарынан келген ооруп жаткан балдарды кабыл алган бөлүмдү оңдоп-түздөөгө демөөрчү катары которгон.

Бөлүмдүн ремонттон кийинки ачылыш салтанатына «Альфа Телеком» ЖАКтын башкы директору Азат Базаркулов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, медициналык мекеменин жетекчилиги жана №3 балдар ооруканасында дарыланып жаткан жаш балдар катышты. Жеткинчектер үчүн уюштуруучулар шоу-программаларды даярдап, кубандырышты.

Реновациянын жүрүшүндө MegaCom'дон бөлүнгөн каражатка бөлүмгө жаңы эшик, терезелер орнотулуп, сантехникалары алмаштырылып, полдору жаңыланган. Имаратка оңдоп-түзөө жасалып, жарык модернизацияланган жана электр өткөргүчтөр жаңыланган.

«MegaCom саламаттык сактоо тармагынын долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурган компания катары ата-мекендик оператордун 15 жылдык мааракесине карата өткөрүлө турган салтанатты белгилебей, ага жумшалчу каражатты балдардын дарылануусунун шартын жакшыртууга которгон. Анткени Кыргызстандын келечек ээлеринин ден соолугу ар бирибиз үчүн маанилүү», – деди иш чарада сөз сүйлөгөн компания жетекчиси Азат Базаркулов.

Айта кетсек, MegaCom компаниясынын социалдык-кайрымдуулук иштери корпоративдик стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат жана организациянын баалуулугун билдирет. 15 жылдан бери мобилдик оператор калктын аярлуу катмарына ар тараптуу жардам берип келет.

MegaCom дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүгө биргелешкен күч менен жетүүгө ишенет жана бизнестин өкүлдөрүн жардамга муктаж болуп жаткандарга жардам берүүгө чакырат.

Тэги: MegaCom

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу