Эл аралык каржылоодон Өзбекстан көп жардам алууда

01.05.2019, 09:27 Акчабар
Эл аралык каржылоодон Өзбекстан көп жардам алууда

2019-жылы  I-кварталда Эл аралык өнүктүрүү банкы (МБР)  КМШ мамлекеттери арасында  $1 млрд 285.2 млн суммасындагы долбоорлорго макулдушук беришкен.Жалпы сумманын  59.7% жеке секторго, 40.3% суверендүү  каржылоого жумшалган. Бул тууралуу ЕАӨБ жылдык жоопчотунда жарыяланды. 

Быйыл  инвестициялык-долбоордук каржылоо  2018-жылы IV-кварталга караганда азайган. Ал 51% түзүп, $766.9 млн каражатты түзгөн. Жети эл аралык уюм (АБР, ЕАӨБ, ЕБРР, МБЭС, ЭФК, РКФР мене ЧБТР)  22 долбоор боюнча жаңы каржылоого макулдук беришкен.

«Жаңы каржылоодо транспорт менен транспорттук инфраструктурага карыжылоо көбүүрөк бөлүнгөн. Бул тармакты кредиттөөнүн жалпы суммасы $385.3 млн же жалпы каржылоонун  50%  түздү », —деп жазылган документте. 

 Казахстан — 80% каржылоону алып, тогуз долбоор ишке ашууда. Бул жакта негизги инвестор болуп ЕРӨБ менен ЕАӨБ.

АБР, ЕБРР, ЕИБ, ЕФСР жана Дүйнөлук банк 14 долбоорду ишке ашырып, суверендүү каржылоого өкмөттөргө карыз, техникалык жардам, грант катары $518.3 млн каражат бөлүнгөн. 

« 2019-жылы I-кварталда каржылоонун көп бөлүгү  «Кызматтарга» — 39% бөлүнүп, инвестициянын жалпы көлөмү $200.4 млн түздү. Бул каржылонун баардыгы Дүйнөлук Банктын Өзбекстанга жаасаган каржылоосун түздү», — деп билдирди ЕАӨБ. 

Быйылкы жылы I-кварталда макулдашылган  долбоордун көбү Өзбекстанга  39% таандык болсо, Кыргызстан — 21%  менен Таджикистан — 19% каржылоого ээ болушту.

Айтмакчы, эл аралык  каржылоо уюмунун 2019-жылдагы жоопчотуна  КМШ мамлекеттери  Азербайджан, Армения, Беларусия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Россия, Таджикистан, Туркменистан, Өзбекистан  менен Украине карыжооого  киргизилген. 

Тэги: ЕАБР международные банки финансирование экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу