Microsoft менен EEA консорциум бизнес үчүн "токен конструкторун" түзүшөт

19.04.2019, 09:45 Акчабар
Microsoft менен  EEA консорциум бизнес үчүн "токен конструкторун"  түзүшөт

Блокчейн-консорциум Enterprise Ethereum Alliance (EEA) компаниясы  Microsoft менен биргеликте бир долбоор киргизди. Эми алар бизнеске жардам берип, конкретүү маселени чечүү үчүн токен иштеп чыгып берерин forklog.com билдирди. 

EEA компаниясы Token Taxonomy Initiative делген аталыштагы долбоорун ишке ашырып, ага Hyperledger, R3 менен Digital Asset Holdings команиялары дагы тартылган. Ушул эле маалда бул долбоорго  IBM менен Intel, JP Morgan финансы холдинги, блокчейн-стартап ConsenSys менен башкалар дагы катышмакчы. 

 EEA башкы директору Рона Ресниктин айтмында, долбоордун алкагында адистер ар кандай семинар,репозиторий GitHub жеткиликтүү болот. Эми ар кайсыл блокчейндеги токендер тестен өтүп, бирдиктүү стандартка келтирилет. 

«Биз муну баардык адамдардын жакшы жашоосуна арнап жатабыз. Токенди бирдиктүу стандартка келтирүү, экономикадагы улуу мүмкунчүлүктөрдү  ачат», — деп билдирди Ресник.

Microsoft компаниясынын башкы архитектору Марли Грей  Microsoft Azure  платформасын иштеп жаткан маалда  ар кандай тармактагы чаржайыт менен кезигишип, аны жалпылаштыруга көп убакыт кетирип келген. Алсак, бир челек  майды кантип токендөөнү билген эмес».

«Мунун идеясы бизнес өкүлдөрү  менен алардын суроолоруна так токен сунуштоо. Токен бир нече ирет колдонулуучу болуп түзүлөт. Аны башкалар дагы колдонсо болот. Ага эми убакыт коротуунун кереги жок», — деп түшүндурдү ал. 

Ошентип, токен иштелип чыккан соң, эч кандай  техникалык адистиги жок адам  анын активдери кандай болушу керектигин даана айта алат. 

Тэги: Microsoft блокчейн бизнес EEA токены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу