Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт

13.03.2020, 11:00 Акчабар
Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин жыйыны өтөт

13-мартта Москвада КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин 85-жыйыны өтөт. Бул тууралуу CentralAsia.news порталы билдирди. 

Өзбекстандын өкүлчүлүгү астында өтө туруучу иш-чарада КМШ өлкөлөрүнүн 2030-жылга чейин транспорт секторунда кызматташуу боюнча долбоордун планы каралат. Жыйындын катышуучулары КМШ өлкөлөрүндөгү транспорт секторун  өркүндөтүү жана мамлекеттин транзит потенциалын туура колдонуу боюнча талкуу жүргүзүшөт.

Долбоор өзүнө «санариптешүү» жана тарнспорттун жаратылышка тийгизген терс таасирин азайтууну, транспорт коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматташууну камтыйт. 

Андан сырткары, делегациянын жетекчилери КМШ мамлекеттеринин катышуучуларынын социалдык жана демографиялык саясатынын макулдашылган Концепциясын ишке ашырууну талкуулашат. Аталган долбоор  өнөр жай коопсуздугу жаатында кызматташууну жакшыртуу боюнча чараларды кабыл алуу, жарандарды жумуш менен эффективдүү камсыз кылуу, аз камсыз болгон жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү багытталган. 

Тэги: Москва КМШ өлкөлөр Экономикалык кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу