жол эрежесине байланыштуу айып пулдар азаябы?

21.05.2019, 10:12 Акчабар
жол эрежесине байланыштуу айып пулдар азаябы?

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, жол кыймылынын эрежесин бузуулар үчүн айыппулдарды тууралоо маселесин изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Кеңешмеде белгиленгендей, «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында бүгүнкү күнү жол эрежесин бузуулар жөнүндө 108 137 токтом түзүлгөн, анын 44,5% төлөнгөн.

Ошол эле учурда жол кыймылынын эрежесин бузуулардын ар башка түрлөрү үчүн негизинен 1000 сомдон 5000 сомго чейин жоопкерчилик белгиленген. Коомдо кооптуу унаа менен бейбаштык кылуу, уруксат берилген 60 км/с ылдамдыкты жогорулатуу, унаа каражатын мас абалында айдоо жана башка бир катар бузуулар боюнча гана бир кыйла катуу жоопкерчилик чаралар белгиленген.

Белгиленгендей, 2019-жылдын 1-январынан тартып айдоочулук күбөлүктү алып коюу тажрыйбасы жоюлуп, өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык, бузуулар үчүн айыппулдарды токтом алгандан баштап 15 календарлык күн ичинде төлөгөн шартта айыппулдар өлчөмү 50%га кыскарат.

Коомчулуктун пикирин эске алып, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин көңүлгө алуу менен Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумушчу топко учурдагы айыппулдардын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана натыйжалуулугун карап чыгууну тапшырды.

Анын пикиринде, өлкө аймактарында долбоордун кийинки баскычтарын ишке киргизүүнүн алдында долбоорду борбор шаарда ишке ашыруунун жыйынтыктарын тыкыр талдоо жүргүзүү жана келечекте бардык реалдуулуктарды эске алуу менен сапаттуу ишти камсыздоо зарыл.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, бул маселени кароодо жарандардын пикирин көңүл чордонуна коюп, «Коопсуз шаар» долбоорун жүзөгө ашырууда келип чыккан маселелерди өзгөчө дыкаттык менен кароо зарыл.

Премьер-министрдин айтымында, айыппулдардын көлөмүн өзгөртүү боюнча негиздүү жана сапаттуу сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн бул маселени терең жана ар тараптуу изилдеп чыгуу керек.

Мухаммедкалый Абылгазиев дагы бир ирет баса көрсөткөндөй, жол инфратүзүмүнүн жакшы эместигине байланыштуу маселелер жана жол кыймылын уюштуруу көйгөйлөрү жарандардын кызыкчылыгында жана масштабдуу долбоордун кийинки баскычтарын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн толук түрдө чечилүүгө тийиш.

Тэги: ПДД штрафы Мухаммедкалый Абылгазиев Безопасный город

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу