Улуттук банк: Россиядан акча которууну чектөө мигранттарга таасир этпейт

29.04.2019, 13:25 Акчабар
Улуттук банк: Россиядан акча которууну чектөө мигранттарга таасир этпейт

Улуттук банк 16-апрелден тарта Россиядан  акча которууга чектөө киргизүү, анын ичинде «Золотая Корона акча которуу» системасы тууралуу комментиарий билдирди.

Эскерте кетели, буга чейин 2019-жылы 12-апрелде «Золотая Корона — акча которуу» системасы Кыргызстандын коммерциялык банктарын чектөө коюлган тууралуу кабарлаган. Эми, которуулардын жалпы көлөмү  Россиядан Кыргызстанга ай ичинде 100 миң рублдан ашпашы керек.

Россиянын Борбордук банкынын сайтында жеке жактар үчун акча которууда эч кандай эсеп ачпастан жасаса болоору тууралуу жана кайсыл мамлекетке  жөнөтүшү тууралуу түшүндүрмө берилген. Анткени, жарандардын акча которууларын ачык жана түшүнүктүү  кылууга аракеттер жасалган.

Банктар менен  акча которуу системасы  кайсыл мамлекеттер менен  калк жайгашкан  аймактарга акча которуу жасары тууралуу  алдын ала билдирип, кайсыл системаны колдонуу тууралуу ошондой операцияларды аткарууга тийиштүу документтер каралган.

КР Улуттук банкынын маалыматына таянсак, жеке жактардын акча которуулардын орточо суммасы айына $400—$500 америка долларын түзөт. Кыргызстандык эмгек мигранттардын  Россиядагы айлык акысы $500—$600 долларды  түзөт.

«Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен  «Золотая Корона — акча которуу» системасы эмгек мигранттарына эч кандай таасир этпейт», — деп билдирди Улуттук банк.

Акча которуулар боюнча коммерциялык банктардын транзакциясын эске алып, Улуттук банк  жогорудагы чектөө товар менен кызмат көрсөтүүдө  ишкерлердин операцияларына тиешелүү  экенин билдирди.

«Ушул эле маалда, биздин эсеп боюнча акча которуулардын көлөмүнө таасир этпейт», — деп билдирет Улуттук банк.

Тэги: денежные переводы трудовые мигранты экономика бизнес финансы Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу