Улуттук банк ислам каржылоосу боюнча стандартка өзгөртүү киргизүүдө

15.05.2019, 18:00 Акчабар
Улуттук банк ислам каржылоосу боюнча стандартка өзгөртүү киргизүүдө

Улуттук банк  «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар жөнүндө» жобого өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» долбоорун коомдук талкууга чыгарууда. 

Долбоордо жогоруда белгиленген Жободо «Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү» 2.2-главасын мугараса, музараа жана мусакат аттуу жаңы операциялары менен толуктоо каралган. 

«Аталган операциялардын аныктамалары жана негизги жоболору долбоорго Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) Шариат стандарттарына ылайык киргизилген», — деп билдирди Улуттук банктан. 

Долбоор Улуттук банктын расмий интернет сайтынын «Ченемдик актылар//Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк ушул долбоорго карата сын – пикирлерди жана сунуштарды 2019-жылдын 14-июнунан кечиктирбестен, eaidarov@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүнү өтүнөт (Word форматында). 

Тэги: исламский банкинг Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу