Бирдиктүү депозитке 67 млн сом түштү

29.04.2019, 09:48 Акчабар
Бирдиктүү депозитке 67 млн сом түштү

ЭККМК Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион сомдон көп акча которду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын пресс-кызматы билдирди. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 11 миллион 333 миң 768 сом өлчөмүндө акча которду.

Учурда  тарабынан Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 538 миллион 215 миң 627 сомду түздү.

Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты-деп билдирди финансы полициясы.

 

Тэги: Единый депозитный счет коррупция госфинансы экономика ГСБЭП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу