Салыкты убагында төлөбөгөн 1 миң 670 айдоочу айып пулга жыгылышты

18.09.2019, 11:33 Акчабар
Салыкты убагында төлөбөгөн 1 миң 670 айдоочу айып пулга жыгылышты

Миңге жакын автоунаа ээлери салыкты убагында төлөбөгөндүктөрү  үчүн, айып пулга жыгылышты. 

Мамлекеттик салык кызматы 1 миңге жакын автоунаа ээлерине салыкты убагында төлөбөгөндүктөрү  үчүн айып пул салышты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы кабарлайт. 

 10 күндүк текшерүү учурунда  өлкө ичинде автоунаага салык төлөбөгөндөрдүн саны 11 миң 670 айдоочунун ичинен  1 миң 36 автоунаага салык төлөбөгөндөр аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуучуларга тиешелүү чаралар көрүлүп, админстративдик айып салынды. Ошол эле учурда 750 айдоочу салыкты терминал, банк ж.б. аркылуу дароо төлөштү, 3 миң 355 айдоочуга  атайын белги тагышты. 

Эске сала кетсек, салыкты төлөө 2019 – жылдын, 2 – сентябрында жыйынтыкталган. 

Мыйзамга ылайык, убагында салыкты төлөбөгөн айдоочулар админстративдик айып пулду кошуп төлөөгө туура келет. 

Тэги: налог автотранспорт ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу