Нарын шаарынын бир катар тургундары таза суусуз калышты

28.05.2020, 09:30 Акчабар
Нарын шаарынын бир катар тургундары таза суусуз калышты

Бүгүн, 27-майда Нарын шаарында суунун басымы аз болуп, айрым көп кабаттуу жана жер үйлөргө суу жетпей калды. Мындан сырткары, Шералиев жана Чаначев көчөлөрүнүн кесилишинин чыгыш тарабынан таза суу түтүгү жарылып, бир катар тургундар таза суусуз калды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматына Нарын Суу-канал ишканасынан билдиришти.

 

Маалым болгондой, учурда Ак-Бечел суу сактагычына келип куйчу булак суулары аз болгондуктан жана шаар тургундары ичүүчү сууну суугат суу катары пайдаланууларынан улам ушундай абал жаралганы айтылууда.

Ал эми Шералиев көчөсүндө 26-май түнү таза суу түтүгү жарылып, ошого байланыштуу айрым үйлөргө суу берүү токтогон. Калыбына келтирүү иштери 28-майдан тартып башталары белгилүү болду.

Тэги: Нарын Таза суу Шералиев Чаначев тургундары

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу