Улуттук банк төлөм системасына көзөмөлдү күчөтөт

17.06.2019, 14:55 Акчабар
Улуттук банк төлөм системасына көзөмөлдү күчөтөт

Улуттук банк “Төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) жүргүзүү жана андагы тобокелдиктерди тескөө боюнча Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.

Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдү (оверсайт) жүргүзүү саясатына жана өлкөдөгү төлөм системасында болуучу айрым  тобокелдиктерди тескөө саясатына сунушталган өзгөртүүлөр менен  толуктоолор камтыйт.  

Долбоор «Улуттук банктын ченемдик актылары» / «Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Улуттук банк тарабынан төлөм системасына каттуу талап коюу, буга чейин катталган финансалык мыйзам бузууларга байланыштуу. https://www.akchabar.kg/kg/news/mob-qiwi-mart-2019/

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле кызыкдар болгон башка жактар долбоор боюнча сунуш-пикирлерин 2019-жылдын 17-июлунан кечиктирбестен psoversight@nbkr.kg жана ntaalaibekov@nbkr.kg электрондук почта дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл. 

 

Тэги: платежные системы НПА Нацбанк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу