«Компаньон банкынын» «Дубайга учабыз!» акциясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

17.06.2019, 13:20 Өнөктөштүк макаласы
«Компаньон банкынын»  «Дубайга учабыз!» акциясынын жеңүүчүлөрү аныкталды

 «Компаньон банкынын» «Дубайга учабыз!» акциясынын алгачкы жеңүүчүлөррү аныкталды. 14-июнда Кыргызстан боюча 30 бактылуу  адамдар, муздаткыч, телевизорлор, ноутбуктар, планшетерди, смартфон  жана башка баалуу сыйлыктарды утуп алышты. 

Бактылуу 30  кыргызстандыктардын арасында Жалал-Абад, Ош, Кадам-Жай, Ноокен, Чүй, Кербен, Өзгөн, Токмок  менен Каракол филиалдарынын кардарлары бар.

«Компаньон Банкы» баардык жеңүүчүлөрдү  куттуктап, башка кыргызстандыктарды акча которуп же алуу аркылуу  утушка активдүү  катышууга чакырат. Аткени, чечүүчү финалдык утушта балким сиз: ноутбук, iPhone XS же  Дубайга эки кишилик жолдомо утасыз!

««Компаньон Банкынын»  акча которуу жана алуу боюнча акциясын мартта укутум. Мен Борбордук филиалы Токтогул-Раззаков көчөсүндө акча которуп жана алып жатып, акцияга катышып калдым. Биринчи орунга жетишип «Компаньон банкыныан» муздаткыч утуп алдым! Баарыңарды акцияга катышкыла деп чакырам», – деп билдирди жеңүүчүлөрдүн бири Бекболот Эрматов.

Башка байгенин ээси Айнагүл Олджобаева  «Компаньон Банкынын»  бир жылдан берки туруктуу кардары экенин билдирди.

«Кечээ эле мага чалып, кофеварка утканымды билдирди. Аябай жагымдуу болот экен. Мен эми «Компаньон Банкы аркылуу»  акча алып турсам, балким Дубайга жолдомо утуп алаармын. Мен эч качан ал жакта болгон эмесмин. Ийгилик жылмаят деп ишенем», –деп билдирген ал. 

Акция үч баскычта өтөт.  Биринчи этап 1-марттан тартып башталып,  31-майга чейин уланат. Экинчи этап 1-июндан 31-августка чейин, а үчүнчү – финалдык – этап  ушул жылдын 1-марттан 30-ноябрга чейин  уланат. 

Алгачкы эки баскычта 30 жеңүүчү аныкталып,  алар баалуу байгелер: турмуш тиричилик техникалары менен заманбап гаджеттерге берилет. Үчүнчү  этапта үч негизги жеңүүчү акциядагы ҮЧ НЕГИЗГИ СЫЙЛЫК  – ноутбук, iPhone XS жана  эки адамга Дубайга билеттерди утуп алат.

Акцияга катышуу үчүн «Золотая корона», «Контакт», Western Union, «Юнистрим» жана башка эл аралык акча которуу системасын колдонуп, болгону Компаньон Банкы аркылуу жөнөтүү керек. Акча которууга баардык валюталар эсепке алынат.  Жеңүүчү болуп, акция жүргөн мезгилде эң көп акча которуу жасаган адам таанылат.   Акция тууралуу толук маалыматтарды телефон аркылуу  контакт-борборуна  8800 (уюлдук телефондон чалуу акысыз) чалып же  банктын (сайте банка) кирип алсаңыз болот. 

Урматтуу кардарлар!  Этият болуп, шылуундардан сак болууңуздар. Банк тарабынан уюштурулган баардык акциялар, жеңүүчүлөрдүн тизмеси расмий сайтыбызда бул жерде ( официальном сайте банка) жарыяланат. Эскертебиз, банк эч качан алдын ала байге үчүн төлөм жасатпайт, кандайдыр бир эсепке акча котортуп, баланс толтуртпайт!!! Эгерде сиздерде күмөн саноо пайда болсо, анда 8800 телефонуна чалып, толук маалымат алыңыздар.

Компаньон Банкы баарыңыздарга ийгилик каалайт!

Акцияга катышып, Компаньон Банкы менен байгелерге ээ болуңуздар!

Тэги: Банк Компаньон акция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу