Ноябрь айында ундун баасы дагы кымбаттады

12.11.2019, 17:30 Акчабар
Ноябрь айында ундун баасы дагы кымбаттады

Буга чейин өкмөт бир жылдын ичинде биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганын айткан эле.

Ноябрь айынын биринчи аптасындагы мониторингге ылайык, Кыргызстанда жогорку жана биринчи сорттогу ундун баасы дагы жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Буга чейин өкмөт жыл башынан бери биринчи сорттогу ундун килограммы 18,4 пайызга жогорулаганы маалымдалган.

«Ун октябрь айында сентябрга салыштырмалуу килограммына 1,47 сомго (3,9 пайыз) кымбаттаган болчу. Ал эми бир жуманын ичинде дагы 40 тыйынга (1 пайыз) жогорулады», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул тапта жогорку сорттогу буудай уну Бишкек шаарында 39 сомго, Ош шаарында 51 сомго, Ноокатта 50 сомго, Балыкчыда 45 сомго, Чаекте 36 сомго, Токтогулда 37 сомго, ал эми Баткенде 39 сомго бааланып жатат.

Буга чейин Sputnik агенттигине Тегирменчилер комитетинин мүчөсү Кубанычбек Кудайкулов ун канткенде арзандай турганын айтып берген.

Тэги: ундун баасы ноябрь кымбаттады

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу