Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин кандай келишимдерге кол койду?

13.06.2019, 15:00 Акчабар
Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин  кандай келишимдерге кол койду?

Президент Сооронбай Жээнбеков менен КЭР Төрагасы Си Цзиньпин 18 документке кол кошту. Анда кыргыз аызык-түлүгүн экспортто каралды. 

Кыргыз продукциялары Китайга экспорттолуп баштайт. КЭР башкы бажы кызматы менен келишим түзүлүп, сүт, бал, гилас жана буудай уну экспорттолот.  

Ошондой эле, материалдык жана техникалык жардам көрсөтүү  боюнча инвестициялык келишимдерге кол коюлду:

  • КЭР менен Кыргызстандын ортосунда соода, экономикалык кызматашуу;
  •  Бишкектин жол курулушуу боюнча (II фазасын) ишке ашыруу;
  • КР менен КЭР ортосунда кайтарымсыз жардам көрсөтүү;
  •  «Жеткиликтүү таза суу» долбоору боюнча ТЭН иштеп чыгуу;
  • КР ИИМ техникалык актыларды өткөрүп алуу;

  • КР Экономика жана КЭР Коммерция министрлеринин ортосундагы соода-экономикалык кызматашууну кеңейтүү меморандуму ;

Мындан тышкары Ош шаары менен Шэньси провинциясындагы Сиань, Фошань провинциясынын Гуандун менен Шицзячжуан провинциясын Хэбэй шаарлары менен боордоштукка кол койду. 

Айыл чарбасында 2019-2021-жылдарга карата кызматташуусу. 

Мындан тышкары Кытай менен Кыргызстан төмөндөгү кызматташууга кол коюшту:

  • Экономикадагы кылмыштыкка каршы бирге күрөшүү;
  • өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу;
  •  метеорология тармагында кызматташуу;
  • Интеллектуалдуу менчик жана инновациялар боюнча (Кыргызпатент)  КЭР Интеллектуалдуу менчик Улуттук  Башкармалыгы (CNIPA) биргелешип кызматташат. 

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда.

Си Цзиньпин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

«Мамлекеттик визиттин алкагында көп пландуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын», — деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Тэги: Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбеков госвизит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу