Оренбург облусунан Бишкекке 413 Кыргызстандын жараны келди

25.05.2020, 09:45 Акчабар
Оренбург облусунан Бишкекке 413 Кыргызстандын жараны келди

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токоевдин Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн алкагында өкмөт тарабынан иштелип чыккан маселесинин негизинде Оренбург облусунун Бузулук районундагы 413 жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. 

 

 Ошондон улам, 24-майда  өкмөт тарабынан берилген 9 автобус менен Казакстан аймагы аркылуу транзиттик коридордо 2 сутка аралыгында келишти.

Бардык келген адамдар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Ошону менен бирге, КР ТИМ Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия-Казакстан чек арасы тарапка анын ачылышы расмий жарыяланганга чейин барбай турууга, алардын жакындарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбоого, жүргөн өлкөнүн бийлигин жүйөөлүү эмес чараларды кабыл алууга мажбур кылбоого, эмоцияга алдырбоого, кокустук аракеттерди жасабоого жана коопсуз жайлардагы авиациялык жана жүргүнчүлүк билдирүүнүн жандандырылышын күтүүгө чакырат.

Тэги: президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Касым-Жомарт Токоев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу