Өзбекстанда нанга болгон баа кымбаттады

06.11.2019, 15:50 Акчабар
Өзбекстанда нанга болгон баа кымбаттады

Акыркы үч жуманын ичинде Өзбекстанда бөлкө нандын баасы экинчи жолу жогорулады.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, 5-ноябрда көпчүлүк аймактарда нан 100-200 сумга (0,01-0,02 доллар) кымбаттап, айрым дүкөндөрдө 1 миң 600 сумдан (0,16 доллар), базарларда 1 миң 700 сумдан (0,17 доллар) сатылууда.

15-октябрда Өзбекстанда бөлкө нандын баасы жогорулап, 1 миң 300-1 миң 500 сумга (0,13-0,15 доллар) жеткени кабарланган. Ага чейин нан 1 миң 100 сумдан (0,11 доллар) сатылып келген.

2018-жылдын сентябрына чейин өлкөдө бөлкө нандын баасы 600-650 сумду (0,06 доллар) түзгөн.

 

Тэги: Өзбекстан НАН баа жогорулады

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу