Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салышты

03.05.2019, 15:08 Акчабар
Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салышты

Жогорку Кеӊеш Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу боюнча токтом кабыл алды

 2-майда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы угулду. Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубат Боронов баштаган мамлекеттик органдар менен тиешелүү мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты. Учурда Ысык-Көл областынын Тоң районунда Кызыл-Омполдо уран казуу же изилдөө иштери толук токтотулганы тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков буга токтолду.

«Мындай олуттуу маселе боюнча саясый чечим кабыл алынат»,- деген Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кабыл алына турган Жогорку Кеӊештин токтом долбоорунда бүткүл республика боюнча уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салынаары белгиленгендигин билдирди.

Жыйын жүрүшүндө эл өкүлдөрү тарабынан токтом долбооруна радиациялык коопсуздуктун сакталышы боюнча тиешелүү лицензианттардын ишмердүүлүгүндөгү мыйзамдуулуктун сакталышын текшерүү, эл аралык уюмдар тарабынан буга чейин иштетилген уран кендерин реабилитациялоого багытталган иштердин сапатына көзөмөл жүргүзүү жана башка бир катар сунуштар берилди. Иштетилген уран кендеринен калган калдык сактоочу жайларды рекультивациялоодогу айрым жагдайларды эске алуу жагы белгиленди.

Уранды чалгындоо, изилдөө жана казууга каршы 90 депутат макул деп добуш берип, уранды казууну бир дагы депутат колдогон жок. 

Тэги: уран парламент

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу