QR-код менен соода кылуу банктарга чыгаша алып келет — Олег Тиньков

25.06.2019, 09:35 Акчабар
QR-код менен соода кылуу банктарга чыгаша алып келет — Олег Тиньков

Олег Тиньков QR-код менен  сатып алууда банктар чыгаша тартарын билдирди. Жаңы сервис карталарга  альтернативдүү  жаңы кызмат.  Андагы комиссия  кэшбэк жана бонустарга кетирилет. Бул тууралуу  vc.ru билдирди. 

Россиялык банктар картадан тапкан кирешелерден кол жууп калабыз деп тынчсызданууда. Анткени, Россиянын Борбордук банкы киргизип жаткан тез төлөм системасы (Системы быстрых платежей (СБП)) иштеп баштаса,  жеке жактар QR-код менен товар жана кызматтарды колдоно баштайт.  Бирок, Борбордук банктын төлөм системасы бооюнча жетекчиси  Алла Бакина ТАССка тынчсызданууга негиз жок деп билдирген. 

«Система карта менен операцияларды такыр алмаштырып салбайт. ТТС (тез төлөм системасы) банктардын кирешесин төмөндөтпөйт.Учурда картадан бизнес-моделде киреше тапкандай эле, бул дагы кошумча киреше», —деп түшүндүрүү  жасаган ал. 

Борбордук банк 2019-жылдын экинчи жарымында жеке жактар үчүн бул кызматты киргизүүнү пландап жатышат.  Эми  уюлдук телефондогу банктын тиркемеси аркылуу QR-код  менен сатып алууже кызматтарды пайдаланса болот. Сатып алуучу  QR-код кассада сканерден өткөрүп,  сумманы тактап, андан кийин банк анын эсебиндеги акчаны кемитип, ал сумманы дүкөндүн банктагы эсебине которот.

Эмнеге банктар QR-код менен сатууларга каршы? 

ТТС  аркылуу соода жасоо же кызматтап пайдалануу банк картасына альтернативдүү кызмат болуп, банктар кирешеден кур калышат. Айрым кредиттик уюмдар «Ведомостиге»  берген маалыматында билдиришкен. Россиянын ири «Тинькофф банкы»  менен « Совкомбанкы»  дагы кооптонун жатышканын жарыялашты. 

 «Тинькофф банкынын» негиздөөчүсү Олег Тиньков жаңы сервистен пайданы ритейлер көрүп, банктар чыгаша гана «тарат» деген пикирде. 

««Сбербанк» 1 трлн рубль кирешеси менен кырдаалдан чыгып кетет, а башка чакан банктар кантип сакталат, түшүнүксүз », — деп билдирди банкир. 

Соода түйүндөрү карталардын жогорку наркына нааразы болуп келүүдө. Алсак, эквайринг ар бир сатуудан эле  1-3% алынат. Борбордук банк QR-код  менен сатып алууда  комиссияны 0.4%  чектөөнү сунуштады. Бул тариф дүкөндөр үчүн ынгайлуу, бирок ал азырынча бекитилген эмес. 

«Тинькофф банкы» QR-код  менен соодалашууда банктык программанын ийкемдүүлүлүгү жоголот деген пикирде. Бул тууралуу  «Тинькофф банкынын»  Башкармалыгынын башчысы Оливер Хьюз «Прайм» берген  маегинде билдирген. 

Кытайдагы кырдаалга карап жатышат. Кытай кэшбек менен бонустарды алып салышкан. Бирок, бизге кытайдын жолу кереги жок. Алар техниканы сатып алууда бааны ылдыйлатпайт. Бул эң жакшы саясат эмес. 

«Бул кызматты сунуштоодо рыноктук суроо талапка берүү керек», — деп билдирген «Совкомбанктын»  жетекчисинин орун басары Алексей Панферов.

Бул маселени жөнгө  салуу  нак акчанын айлануусун көбөйтүп,  рыноктун ачыктыгын артка жылдырат деп билдирген  Панферов.

Учурда соода борборлорундагы  70% баардык терминалдар «Сбербанкка» тиешелүү деп жазган «Ведомости». 2018-жылы «Сбербанк»карталар менен гана операциялардан 157.4 млрд рубль таза киреше тапкан. Ал эми банктын төрагасы бул маселени талкуулоодон башт тартып койду. 

Тэги: QR-код банки банковские карты Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу