Предприниматели под гарантии фонда получили кредиты на 2.7 млрд сомов

19.04.2019, 15:41 Акчабар
Предприниматели под гарантии фонда получили кредиты на 2.7 млрд сомов

Былтыр «Кепилдик фонду» ААК чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү  максатында 507 млн сом бөлгөн.

Банктан кепилдик менен берилген кредиттердин жалпы саны 1 млрд 779 млн сом болгон. Ал ишмердигинин башында 2016-жылдан 2018-жылдын 31-декабрга чейинки мезгилде  «Кепилдик фонду»  656 кепилдик берип, анын суммасы 755 млн сом, ал эми ишкерлердин фондун кепилдиги менен алган карыздын  суммсы  2 млрд 752 млн сом болду.

Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча  25.6 млн сом киреше алынып,  а пландоо болгону 14.8 млн деп түзүлүп, өсүү 173% жеткен. 

«Кепилдик фондунун жардамы менен 1 миң 225 жаңы жумушчу оруну түзүлуп, 5 миң 887  иштеп жаткан иш орундары сакталган. Экспорт менен импортко багытталган долбоорлорду  колдоого 48 кепилдик берилип, анын суммасы  141 млн сом болгон. Аял ишкерлерге 196 кепилдик  224 млн сомго берилип жасалган», – деп билдирди кыргыз өкмөтү. .

Кепилдиктер төмөндөгү тармактарга берилген:

  • айыл жана балык чарбаларына– 20%;
  • кайра иштетүү тармагы – 18%;
  • айыл чарба азыктарын кайра иштетүү – 14%;
  • соода– 24%;
  • туризм – 10%;
  • транспорт – 6%;
  • кызматтар – 7%;
  • курулуш – 1%.

Тэги: Гарантийный фонд Кыргызстан бизнес кредиты экономика финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу