Президент: «Максат 2» дюкеринин курулушу маанилүү болуп саналат

12.03.2020, 09:30 Акчабар
Президент: «Максат 2» дюкеринин курулушу маанилүү болуп саналат

«Өлкөдө бир топ инфратүзүмдүк жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Алардын ичинде«Максат 2»дюкеринин курулушу маанилүү болуп саналат. Анткени ал чек ара аймагындагы комплекстүү маселелерди чечет. Анын бир эле Баткен облусу үчүн эмес, жалпы өлкө үчүн чоң мааниси бар», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен болгон жолугушуусунда.

 

Ал бул долбоордун жаңы жумуш орундарын түзүүгө, миграцияны кыскартууга, өлкөнүн экспорттук жана айыл чарба потенциалын жогорулатууга багытталганын кошумчалады.

Жаңы сугат жерлерин өздөштүрбөй жана сугат аянттарын көбөйтпөй туруп жалпы айыл чарбасын өнүктүрүү мүмкүн эместигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы жергиликтүү эл менен бирге Лейлек районундагы «Максат 2» дюкеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, «Максат 2» дюкеринин курулушу өлкөдө жакынкы жылдардагы ирригациялык ири долбоорлордун бири болуп саналат.

Анын курулушу чек ара аймагындагы 1800 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, 3000 гектардай жерди насостук станциялардан өзүнчө аккан суу менен сугарууга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бардык зарыл иштерди 2023-жылга чейин бүткөрүү пландалууда.

Керектүү 1,9 млрд сомдун бир бөлүгү респуликалык бюджеттен бөлүнүүдө, калган бөлүгү эл аралык каржы институттарынын каражаттарынын эсебинен тартылары белгиленди.

«Жаңы сугат жерлери жаңы калктуу пункттарды курууга, фермерлердин ишмердиги үчүн шарттарды түзүүгө өбөлгө болуп берет. Сугат суусу бир катар маселелерди, анын ичинде чек арага мүнөздүү маселелерди чечүүгө жардам берет», — деди Жээнбеков.

Ал 2007-жылы айыл чарба министри болуп тургандагы кезинде Баткен облусунун чек ара аймактарына барганын, айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн сугат суусунун жетишпей жатканын өз көзү менен көргөнүн эскерди. Ал убакта Баткен облусунун чек ара аймагын камтыган Ирригацияны өнүктүрүү боюнча программаны иштеп чыгуу башталган.

Мамлекет башчысынын кызматына киришкенде Сооронбай Жээнбеков президенттик ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири катары ирригация тармагын өнүктүрүүнү аныктаган.

Ал «Максат 2» дюкеринин курулушу Кыргыз Республикасынын президенти кызматындагы ишмердүүлүк мезгилинде турмушка ашырылып жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында ушундай эле долбоорду — Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы Р-4 каналынын курулушун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Көкүмбек Таштаналиевдин маалыматы боюнча, долбоордун жалпы суммасы болжол менен 500 млн сомду түзөт.

Каналдын курулушу 1250 гектар жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, 1500 гектар жердин суу менен камсыздалышы жогорулайт. Долбоорду ишке ашырууну 2020-жылдын аягына чейин жыйынтыктоо мерчемделген, курулуш иштери мөөнөтүнөн бир жылга алдыга озуу менен кетип баратат.

Мамлекет башчысы чоң салымдарды талап кылган ирригациялык долбоорлор белгиленген мөөнөттө бүтөт деген ишенимин билдирди.

Эске салсак, 2026-жылга чейин ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага киргизилген 46 сугат объектисинин ичинен 2023-жылдын соңуна чейин өлкө боюнча артыкчылык берилген 31 объект аныкталган. Бүгүнкү күндө 2 сугат объектисинде иштер аяктап, 14 объектиде оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Тэги: Максат 2 дюкер курулуш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу