Президенттик Аппарат ИИМ, Финансы полициясы, прокуратура органдарынын ишине мониторинг жүргүздү

03.10.2019, 13:36 Акчабар
Президенттик Аппарат ИИМ, Финансы полициясы, прокуратура органдарынын ишине мониторинг жүргүздү

2019 – жылдын 1 – октябрынан тарта Бишкек шаарындагы ИИМ, Финансы полициясы, прокуратура органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдиришти. 

Мониторинг сот жана укуктук реформаларга карата айтылган сын-пикрилер, изилдөө иштеринин дароо көбөйүп кетиши, укук коргоо органдарына кайрылган жарандардын маселесин тезинен кароо жана чечип берүү, маалымат каттар  тууралуу жарандардын Президентке кайрылуусуна байланыштуу атайын эксперттик топ түзүлүп, жүргүзүлдү.

Мониторинг учурунда ички иштер органдарынын жумуштары, финансы полициясынын жана прокуратура органдарынын жаңы кодекс мыйзамдары каралды. Аталган багыттагы бир топ маселелер козголуп, кызматкерлер тарабынан бир катар сунуштар айтылды. Андан сырткары, орган кызматкерлерине тергөө учурунда керектелген техникалык жабдыктарга дагы мониторинг жүргүзүлдү. 

Мониторингтин  жыйынтыгы менен укук коргоо органдарынын иштөө механизмин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча  талдоо иштери башталды. 

Тэги: Президенттик Аппарат мониторинг ИИМ Финансы полициясы Прокуратура органы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу