Кыргызстанга келген түз инвестиция 60% өскөн

16.09.2019, 11:06 Акчабар
Кыргызстанга келген түз инвестиция 60% өскөн

2019 – жылдын биринчи алты айылыгында кыргызстанга чет элден келген түз инвестиция 59.4% түзүп, 393.7 млн. $ түзгөн. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдайт. 
Муну менен катар агылып чыгуусу 120.7 млн.$ түзгөн. 

КР бардык региондоруна тушкөн инвестициянын көлөмү 2019 – жылдын биринчи жарым жылдыкта 75.7% түзгөн. Ал эми  2018 – жылдын биринчи жарым жылдыгында 52.2% түзгөн. Муну менен катар региондорго бөлүнгөн инвестиция 23.5% өскөн. 

Өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырганда түз чет өлкөлүк инвестициялардын структурасында резидент эместерден тартылган кредиттердин жана реинвестицияланган пайданын көлөмүнүн көбөйүүсү белгиленген. Жалпысынан алганда бул көрсөткүч өлкөнүн экономикасына кайрадан тартылган, ошондой эле иштеп жаткан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргыз Республикасында инвестициялык климаттын жагымдуулугун жогорулатууну мүнөздөйт.” – деп билдирет министрлик. 

Тартылган инвестициялардын структурасына карата, түз чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү мурдагы мезгилдегидей эле (98 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого (44,6 %), иштетүү өндүрүшүнө (27,1 %), пайдалуу кендерди казууга (9,9 %), маалымат жана байланыш тармактарына (5,6 %), дүң жана чекене соодага (5,3 %), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө (5,3%) багытталган. Мында, геологиялык чалгындоого багытталган инвестициялардын көлөмү 3,6 эсеге 48 миллион АКШ долларынан 175 миллион АКШ долларына чейин, иштетүү өндүрүш ишканаларына – 2,7 эсеге 40 миллион АКШ долларынан 107 миллион АКШ долларына чейин көбөйгөн. Ошол эле убакта пайдалуу кендерди казып алуучу ишканаларга инвестициялар 1,8 эсе 69 миллион доллардан 39 миллион АКШ долларына чейин, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүнө – 1,4 эсеге 29 миллион доллардан 21 миллион АКШ долларына чейин төмөндөдү.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда инвестициялардын агымынын жана агылып кетишинин өсүшү байкалууда. Ошол эле учурда инвестициялардын келиши агылып чыгууларга караганда кыйла жогору даражада өсүп жаткандыгына байланыштуу акыркы сальдо 2019-жылы 10,6 млн. АКШ долларынан 2018-жылы 120,7 млн. АКШ долларына чейин өстү.

Тэги: ПИИ инвестиции Кыргызстан геологоразведка горнорудка экономика бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу