Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкы «Интеграционный барометр» изилдөөсундө, Россиялык рынокко чет элдик мигранттардын кызыгуусу төмөндөгөнүн билдирген.
Эгерде 2015-жылы Россияга убактылуу иштөөгө Таджикстандын 53% жараны кызыкса, 2017-жылы ал — 37% төмөндөгөн. Молдовадагы мигранттардын саны дагы 27% дан 17% түшсө, Кыргызстанда — 38% дан 30% түшкөн.
2012-жылдан бери эмгек рыногу байкоого алынган.
«Мындай тенденция Россия Федерациясында уланышы толук мүмкүн. Ушул эле учурда мигранттар аткарган убактылуу жумуштарга россиялыктар иштегилери келбейт. КМШ ичинде —3% респонденттер гана убактылуу иштерге барууга даяр. ЕАЭБ кирген мамлекеттерде сурамжылоого катышкан — 74% адамдар өз мекенинде эмгектенгиси келет», —деп билдирет изилдөөнүн авторлору. ЕРӨБ изилдөөсү менен РоссиянынПрезидентинин алдындагы чарба академиясы менен мамлекеттик кызматтын (РАНХиГС) изилдөөсү дал келген. Анда 2018-жылдагы Россиядагы миграциялык өсүү 2005-жылга салыштырмалуу азайып, россиядан сыртка чыгып кеткендердин санын жаппайт.
Россиялыктар оз мекенинде эмгек мигранттарын келүүсүн калашпайт. ЕАЭБ мамлекеттеринде 77% калк эркин эмгекке орношу, билим алуу же жашоо тартибин колдойт.
«Бирок, ага карабай Россияда сырттан келген эмгек мигранттарына терс коз караштагылар көбүүрөк. Мындай пикирди калктын 53% карманат. Бул көрсөткүч 2012-жылдан бери 7% жогорулаган», — деп жазылган документте.