Учурда Казахстанда жашоо минимуму 28 миң теңге болду. Бирок, жашоо минимунан болгону төрт гана аймак бийик болууда деп жазат finprom.kz маалымат агентиги.
2019-жылдын майдын аягында Казахстанда жашоо минимумум 28.3 миң теңге болду. Бул былтыркыга караганда 7% жогору. Анын ичинде 15.6 миң теңге — бул азык себетине арналса, а 12.7 мин теңге товар менен коммуналдык жана башка төлөмдөргө каралган.
Айтмакчы, 2019-жылы товар менен кызматтарга болгон баа дагы 5.3% өскөн.
«Мангистау областында жашоо минимуму бир аз жогору— 34.5 мин тенге, ал былтыркы жылга салыштырмалуу 6.9% жогору. Ал эми республика боюнча 21.9%жогору. Үч негизги жогорку рейтингге Нур-Султан менен Алматы — 33.1 миң тенге жана 31.3 миң теңге менен кирүүдө. 5-ТОП алдынкы орунга Алма-Ата менен Чыгыш-Казахстан областы, анда жашоо минимуму 28.3 миң теңге менен киришти», — деп билдирет басылма.