Райымбек Матраимов үч басылманы сотко берди. Доо арыздын жалпы суммасы - 49,5 млн сом

12.12.2019, 17:30 Акчабар
Райымбек Матраимов үч басылманы сотко берди. Доо арыздын жалпы суммасы - 49,5 млн сом

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Райымбек Матраимов «Азаттык», Kloop жана 24.kg маалымат агенттиктерине карата доо арыз менен сотко кайрылды. Андан сырткары, журналист Али Токтакуновго карата дагы доо арыз жазды. Бул тууралуу Свердлов райондук соту билдирди.

Свердлов райондук сотунун маалыматында Райымбек Матраимовдун ар-намысын коргоо боюнча доонун жалпы суммасы 49,5 млн сомду түздү. «Азаттык» — 22 млн сом, Kloop — 12,5 млн сом,  24.kg — 15 млн сом.

Бул тууралуу 24.kg  маалымат сайты «24.kg  «Азаттык» менен Kloop чыгарган маалыматты көчүрүп гана жазган. Бир гана биздин басылма эмес, көптөгөн маалымат сайттар көчүрүп жазышкан. Экс-таможенник бир гана үч басылмага доомат коюуда»  деп билдиришти.

Буга чейин Райымбек Матраимов журналист Али Токтакуновду, ЖК экс-депутаты Ширин Айтматованы ж.б. журналисттерди сотко бергендиги тууралуу маалымат берген. Бирок алардын атын атаган эмес.

Маалым болгондой, сот Жылдыз Ибраимова жоопкер тараптардын банктагы эсептерин камакка алуу боюнча өкүм чыгарганы айкын болгон.

Тэги: арыз арыз доо арыз Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу