Разаков: Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири

31.01.2020, 13:30 Акчабар
Разаков: Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири

КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Алматы шаарында өтүп жаткан «Digital Almaty: глобалдык экономиканын санариптик келечеги» эл аралык форумуна катышты.

Жеңиш Разаков пленардык сессияда сөз сүйлөп жатып белгилегендей, жасалма интеллект жана ири маалыматтарды иштеп чыгуу, жалпысынан, санариптештирүү темасы Кыргыз Республикасы үчүн актуалдуу болуп саналат.

«Санариптештирүү – биздин мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө экономика менен күрөшүү максатында товарларды маркировкалоо пилоттук долбоору аяктаганы турат. Бул келечекте товарларды текшерүүгө ыңгайлуу шарттарды түзөт», - деди ал.

Вице-премьер-министр маалымдагандай, учурда ДАТА-борбордун курулушу үчүн пайдубалы түзүлдү. Smart solutions интеллектуалдык чечимдер жаатындагы долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү пландалып жатат. 

 

Тэги: Разаков Жениш Разаков мамлекет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу