Россиянын борбордук банкы 2018-жылы доллардагы активдерин эки эсе төмөндөтүп, тескеринче юань менен евродогу актвдерин көбөйткөн.Бул Борбордук банктын жылдык отчетунда байкалганын lenta.ru белгиледи.
Алсак, Борбордук банктын бир жыл мурдагы активинде доллар алдынкы позицияда — 45.8% турган. Эми ал 22.7% кыскарган. Ушул эле маалда евронун үлүшү 21.7% дан 31.7% көтөрүлүп, а юань — 2.8% дан 14.2% көбөйгөн.
Географиялык активдердин жайгашуусу дагы былтыр өзгөрүп, америка доллары 29.9% дан 9.7% түшсө, кытайдын үлүшү 2.6% дан 14.1% жогорулаган.
2018-жылы алтынвалюта резерви көбөйүп $36.1 млрддан $473.9 млрддка чейин өскөн. Алардын ичинде валюталык активдер — $385.8 млрд, алтындын активи — $85.6 млрд түздү.