Россия өлкөдөн медициналык беткаптарды алып чыгууга тыюу салды

04.03.2020, 17:30 Акчабар
Россия өлкөдөн медициналык беткаптарды алып чыгууга тыюу салды

Россия беткап, халат, бахила, колкап өңдүү эпидемия маалында керек болуп калышы мүмкүн болгон медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Өкмөттүн тиешелүү токтому 4-мартта жарыяланды.

Тыюу 2020-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот. Документте мындай чара коронавирус жайылып жаткан шартта медициналык каражаттардын тартыштыгын алдын алуу максатында кабыл алынганы жазылган.

Токтомго ылайык, тизмедеги каражаттарды ири көлөмдө гана чыгарууга тыюу салынат. Жөнөкөй жарандар жеке колдонуу үчүн аз өлчөмдө чыгарып кетсе болот.

Шейшемби күнү Москва бийлиги коронавируска шектелгендер үчүн өзүнчө оорукана бөлүп берген. Ал Кремлден 30 чакырым алыстыкта, Коммунарка районунда жайгашкан. Расмий маалыматтар боюнча, учурда шаарда вирус жуктурган бир адам бар. Мындан тышкары дагы үч киши Казан шаарында ооруканада жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө COVID-19 коронавирусун жуктурган адамдардын саны 92801ге, каза болгондор 3201ге жетти.

Тэги: медициналык беткап Россия тыюу салды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу