Россиядагы өзбекстандык мигранттарга акчалай жардам берилет

14.05.2020, 16:30 Акчабар
Россиядагы өзбекстандык мигранттарга акчалай жардам берилет

Россиядагы өзбекстандык мигранттарга 14-майдан тарта каржылай жардам көрсөтүлө баштайт. Өзбекстандын Москвадагы элчилиги жана консулдугу аркылуу бир жолку материалдык жардам берилет.

Расмий маалыматтарга караганда, акча мамлекеттик бюджеттен эмес, элчиликтин кайрымдуулук эсебине түшкөн каражаттан алынат.

Жардам майыптарга, эки же андан көп баласы бар аялдарга, кош бойлуу аялдарга, COVID-19 диагнозу коюлган кишилерге, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерге берилет.

Акчалай жардам Россиядагы минималдык эмгек акынын өлчөмүндө болот.

Каржылай көмөк алуу үчүн «Мехр» порталына арыз менен кайрылуу керек.

Тэги: Россия өзбекстандык мигранттар акчалай жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу