Кыргызстандагы салыкка карыз компаниялар

28.06.2019, 11:37 Акчабар
Кыргызстандагы салыкка карыз компаниялар

Кыргызстанда мамлекетке  635.3 млн сом салык карызы бар. 2019-жылдын 1-июнга карата эң ири салык төлөбөгөн компания бул-Бишкек машина курулуш компаниясы — 92.2 млн сом салык карызы менен турат. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди. 

Карыз төлөбөгөн алдынкы үч компанияга «Бишкек штамп заводу»  «Өзгөн Иншаат Таах ют ве Тижарет» компаниясы  75 млн 849.8 миң  жана 39 млн 791.7  миң карыздары бар. Үч ири компания баардыгы Чүй аймагында жайгашкан. 

Ошондой эле карыздары 20 млн сомдон ашкандардын арасында  «Дөөлөт Курулуш Групп» — 20 млн 873.6 миң сом, «Кыргызкөмүр» МИ — 35 млн 89.6  миң,  Full-Line Company ЖЧК  — 29 млн 518.3миң, «Курулуш Түндүк Кей Джи» — 25 млн 329 миң,  «Новатор Транс» ЖЧК — 23 млн 101.3 миң менен киришкен. 

Карызы көп болгон ишканалар Биринчи май районунда жайгашкан. Андагы жалпы сумма 127 млн 290.5 мин сом. Ал эми борбор шаарларды кошпогондо шаарлар ичинде Балыкчыда карыз төлөбогөн ишканалар көп. Алар мамлекетке 39 млн 113.3  миң  сом салыкты төлөшкөн эмес. 

Тэги: бизнес налоги экономика компании ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу