Сауд Арабия Европага мунайды 25 доллардан сатууну көздөйт

13.03.2020, 10:15 Акчабар
Сауд Арабия Европага мунайды 25 доллардан сатууну көздөйт

Сауд Арабия  Arab Light үлгүсүндөгү мунайдын көлөмүн үч эсеге көбөйтүп, Европага баррелин 25 доллардан сатууну ниеттенип жатат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен маалымдады. 

Маалыматка караганда, Сауд Арабиянын Saudi Aramco мамлекеттик мунай компаниясынын бул сунушун голландиялык Royal Dutch Shell, британиялык BP, франциялык Total, испаниялык Repsol жана CEPSA компаниялары кабыл алышкан.

Saudi Aramco сунуштаган баа Орусиянын 32,25 доллардан сатылып жаткан Urals үлгүсүндөгү мунайынан кыйла арзан. Агенттик эгер орус тарап бааларды төмөндөтпөсө, Urals Европа базарынан сүрүлүп чыгышы мүмкүндүгүн белгилөөдө.

Өткөн жумада Вена шаарында жолуккан ОПЕК+ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү өндүрүш көлөмүн чектөө боюнча макулдашууга келе алышкан эмес. Буга жооп катары Сауд Арабиясы өндүрүштү суткасына 1 миллион баррелге көбөйтүп, мунайын 6-8 долларга арзан сата баштай турганын билдирген. Мындан улам мунайдын дүйнөлүк баасы кескин төмөндөгөн.

Буга улай мунайга көз каранды өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын куну долларга жана еврого карата кыйла арзандаган. Алсак, 12-мартта Орусияда евро 84 рублге жетсе, Казакстанда доллар 400 теңгеден ашып кеткен.

Тэги: Сауд Арабия мунай Европа 25 доллар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу