Авиакырсыктан каза болгондорго 1млн рубль төлөнөт

06.05.2019, 11:10 Акчабар
Авиакырсыктан каза болгондорго 1млн рубль төлөнөт

Москвада   Шереметьев  аэропортуна  Sukhoi Superjet 100 учагы  Москва — Мурманск рейси шашылыш конгон. Лайнер каттуу конгондуктан, арт жагы күйүп кеткен. кырсыктан улам  41 адам өлүп, алты адам ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген. 

Россиянын Президенти Владимир Путин каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Эми аларга 1 млн рубль төлөп беришет. Ал эми жабыр тарткандар 500 миң рубль жардам алышат. 

Жекшемби күнү «Интерфакс» билдиргендей, SU1492 рейси, Москвадан Мурманск шаарына багыт алып, бирок учаары менен байланыш жана айрым механизмдин иштен чыгышына байланыштуу  конууга белги берип баштаган.  Superjet аргасыз конуу маалында анын шасси тилекеге тийп, андан кийин куйругу тийип, анын кесепетинен  учак күйүп кетти. 

Жургүнүлөр менен экипаждын мүчөлөрү лайнерди үйлөнгөн трамп менен түшүүгө аргасыз болушкан. Өрт өчүрүүчүлөр  «Аэрофлот» билдиргендей,  Superjet эвакуацияга  55 секунд жасашкан,  нормативде 90 секунд каралган. Командир тажрыйбалуу болчу деп билдиирген. 

Авариялык конуудан улам, учактын куйругу толугу менен талкаланган. Айрым маалыматттарга караганда, жүргүнчүлөрдүн өздүк багажын алууга аракет жасоосу, арттагы жүргүнчүлөрдүн өлүмүнө себеп болгон.  

Учакта 73 жүргүнчү, 6 экипаж мүчөсү болгон.  «Аэрофлот» авиакомпаниясы 33 аман калган адамдын тизмесин жарыялап, дагы төрт адамдын тагдыры белгисиз болуп жатканы айтылды. 

Тэги: авиакатастрофа Аэрофлот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу