Шайлоо бюллетендери БШКга өткөрүлүп берилди

25.09.2020, 11:00 Акчабар
Шайлоо бюллетендери БШКга өткөрүлүп берилди

Кечээ, 24-сентябрь күнү «Учкун» акционердик коому парламенттик шайлоо үчүн даярдалган бюллетендерди БШКга өткөрүп берди.

 

«Учкун» ишканасы 3 млн 523 миң 532 шайлоо бюллетенин даярдаган.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн Брайль шрифти менен 5 миң 928 бюллетень, участкалык жана аймактык шайлоо комиссиялары үчүн протоколдор даярдалган.

Автоматтык эсептөө кутулары окуй алышы үчүн бюллетендерге атайын коргоочу боек түшүрүлгөн.

Даяр бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Чет жердеги шайлоо тилкелерине 32 миң 580 бюллетень жөнөтүлөт.

Тэги: Учкун акционердик коому парламенттик шайлоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу