«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдар тез жардамды жакшыртууга жумшалат

09.07.2019, 12:03 Акчабар
«Коопсуз шаардан» түшкөн  айып пулдар тез жардамды жакшыртууга жумшалат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен фиксацияланган Жолдо жүрүүнүн жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айыптардын суммаларын түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү долбоордун алкагында жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузган үчүн өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү Медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалат.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50% Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам машинелерин алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Өлкөдөгү калктын табигый өсүүсүн эске алсак, медициналык тез жардам машинелерине болгон муктаждыктын саны өсүүдө. Ушуга байланыштуу тез жардам машинелерин сатып алуу маселесин чечүү мамлекет үчүн маанилүү социалдык маселе болуп саналат.

Тэги: Адилбек уулу штрафы пдд скорая помощь госфинансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу