Словакия Кыргызстандын таза органикалык азыктарына кызыгууда

14.05.2019, 16:33 gulmira umetalieva
Словакия Кыргызстандын таза органикалык азыктарына кызыгууда

Словакия менен Кыргызстан соода экономикалык алакаларын түзүүгө алгачкы аракеттерди башталды. Азырынча, эки мамлекеттин ортосундагы товар айлантуу € 1 миллион гана. Анткени, эки тараптуу инвестициялык келишим менен кош салыктан алуу боюнча келишимдер түзүлгөн эмес. Учурда дал ушул багытта эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Евро Биримдигине кирген мамлекет  менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык катнаштарды бекемдөө үчүн Кыргызстандагы Словакиянын ыйгарым укуктуу элчиси Миллан Коллар кыргыз бийлиги менен сүйлөшүү жүруп жатканын билдирди.  

« Азырынча, Словакия менен Кыргызстандын ортосунда кош салык алынып салына элек. Ошондой эле, инвестициялык келишимге кол коюлган эмес.  Бул негизги эки документтке кол коюлса, мамлекеттер ортосундагы соода-сатык катнаштар күч алат деп ишенебиз», — деп билдирди  Словакиянын Кыргызстандагы элчиси Милан Коллар. 

Ал эми Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы товар айлантуунун  € 1 миллиондон ашпай жатышына эки өлкөнүн  байланыштары өнүкпөгөнү себеп болууда. Ошондуктан, бүгүнкү биринчи форум  ишкерлер арасындагы алаканы бекемдемекчи деп  билдирди Кыргызстандагы Словакия Элчисинин экономика боюнча кеңешчиси Ян Галоци. 

«Биз Борбордук  Азия рыногуна киргенбиз. Казахстандын рыногунда медициналык каражаттарды ийгиликтүү сатып жатабыз. Кыргызстанга дагы жогорку технологиядагы медициналык аппараттарды алып келүүгө кызыкдарбыз. Албетте, сиздердин органикалык азыктарыңар кызыктырат», — деп билдирди Ян Галоци. 

Ал эми Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасы Словакияга экологиялык таза жер-жемиштерди экспорттоп, жаңы технолгиялар менен инвестиция тартууга кызыкдар. Словакияны азыктардан тышкары Кыргызстандын табигаты кызыктырып, туризмге салым кошушу мүмкүн. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу