Жээнбеков „үч жолку“ бажы көзөмөлүн сунуштады

29.05.2019, 15:01 Акчабар
Жээнбеков „үч жолку“ бажы көзөмөлүн сунуштады

Акыркы күндөрү Кыргызстандын бажы төлөмдөрүнө сын айтылууда. Бул тууралуу 29-майда Нур-Султан шаарындагы Президент Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБдин натыйжалуулугу анын мүчөлөрүнүн ортосунда дагы, үчүнчү өлкөлөр менен дагы бирдей атаандаштык шарттарды түзүү жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды деп билдирди. 

«ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнүн жана Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрүнөн турган кызыкдар тараптардын катышуусу менен „үч жолку“ бажы көзөмөлүн өткөрүүнү сунуштайм. Биргелешкен көзөмөлдүн чыгарган жыйынтыктары жана чечимдери жалпы коомго ачык болушу керек. Мындай процедура бир өлкөнүн экинчи өлкөгө болгон дооматын жокко чыгармак», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков ЕАЭБдин институционалдык системасын жакшыртуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын бир нече жолу белгилегенин эске салды. Буга байланыштуу Президент Евразиялык экономикалык комиссиянын Биримдиктин иштиктүү органы катары укуктарын күчөтүү керектигин белгиледи.

«Мен ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикаларынын ортосундагы чоң айырмачылыкка байланышкан актуалдуу маселеге көңүл бургум келип жатат. Биримдиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктын сакталыш тенденциясы жалпысынан Евразиялык интеграциянын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Биз экономикаларды бекемдөө жана алардын шайкеш өнүгүүсү жана жакындоосун камсыз кылуу маселеси боюнча бир чечимге келишибиз керек. Комиссияга экономикалары кичи өлкөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү боюнча ар кандай механизмдерин анализдөө жүргүзүүгө тапшырма берүүнү сунуштайм», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков жалпы электроэнергетикалык рынокту жөнгө салуу боюнча бир органды түзүүнүн максаттуулугун карап чыгууну сунуш кылды.

«Көзөмөлдөөнүн жаңы тармактарынын пайда болуусу натыйжалуу башкарууну жана ага ылайык Биримдиктин жаңы органдарын түзүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасы өзүнүн электрэнергетикалык потенциалын эске алуу менен мындай органды өзүнө жайгаштырууга даяр», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков күчтүү, ишенимдүү жана гүлдөп-өнүккөн Биримдикти түзүү боюнча жалпы белгиленген максаттарга жетүү үчүн биргелешкен аракеттерди консолидация кылуу зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи.

Тэги: ЕАЭС Сооронбай Жээнбеков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу