Президенттин жакын туугандары бир жылда 4,2 миллин сом акча табышкан

21.11.2019, 16:02 Акчабар
Президенттин жакын туугандары бир жылда 4,2 миллин сом акча табышкан

Мамлекеттик кызмат жетекчилеринин жарыяланган декларациясын 24.kg басылмасы, Мамлекеттик салык кызматы чыгарган маалыматка таянып, жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбеков 902 миң 785 сом иштеп тапкан.

Эскерте кетсек, өткөн жылы президент 890 миң 994 сом киреше алган.

Президент жеке мүлкү катары 23 жер тилкесин, 160 чарчы метрлик үйүн, бир тракторун көрсөткөн.

Сооронбай Жээнбековдун жакын туугандары бир жылда 4,2 миллин сом акча иштешкен. 7 миллион сомдук ири мүйүздүү малы, Lexus-470 унаасы, 64 чарчы метрлик батири, 13 жер тилкеси бар.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 826 миң 461 сом иштеп тапкан.

Премьер-министрде кыймылсыз мүлкү жок. 52 жылкысы, 22 бодо малы, 524 майда малы бар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кирешеси өткөн жылы 875 мин 784 сомду түздү. Анын 59,5 чарчы метрлик батири бар. Үйүн төрага 432 миң сомдук эмерек менен толтурган. Компюьтер, ноутбуктардын баасы эле 237 миң 655 сом. Тиричилик техникасын 364 миң 445 сомго сатып алган.

Дастан Жумабеков 1 миллион 125 миң сомдук бодо малы жана 500 миң сом кой-эчкиси бар. Андан тышкары, жылкыларынын баасы 560 миң сомго барабар.

Тэги: Сооронбай Жээнбеков президент декларация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу