«Текшерүүлөр беш күндөн ашпашы керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин биринчи жыйынында.
Мамлекет башчысынын пикиринде текшерүүлөр беш күндөн ашпашы керек. Мындай каттуу сынды айтууга чет элдик швейцарь ишкеринин банктык эсебинин арестке алынышы себеп болгон .
«Эмнени кечке текшерсе болот? кырдаалды тез текшерип, жооп берсе болот да, ал каражатты колдоно алабы тез жооп бериш керек да. $12 млн — деген 1 миллиард сом! Республикага инвестиция тартуу кандай кыйын», —деп Сооронбай Жээнбеков нааразы болду.
Буга чейин дагы мамлекет башчы ишкерлерди ыксыз текшерүүгө албоого укук коргоочуларды чакырып келген. Ага карабай, текшерүүлөр уланууда.