«Айчүрөк» соода борбору Бишкек убактысы боюнча саат 16:00 до жабылат. Бул тууралуу «Акчабарга» соода борбордун ижарачыларынын бири билдирди.
«Урматтуу субижарачылар! Айчүрөк соода борбору саат 16-00 жабылат. Кардарлар менен арендаторлор имараттан чыгарылат. Соода борбордун коопсуздук кызматы күчөтүлгөн тартипе иштеп жатат. Субижарачылар имараттын жаныда болуп, ага жакын территорияга жакын туурууну суранабыз. Биз тараптан кырдаал көзөмөлгө алынууда», — деген маалыматты соода борбордун администрациясы ижарачылар арасында тараткан.