Таджикстан дүйнөлүк рынокто алтынды активдүү сатууда

10.05.2019, 11:40 Акчабар
Таджикстан дүйнөлүк рынокто алтынды активдүү сатууда

World Gold Council (Алтын боюнча Дүйнөлүк Кеңештин) маалыматына таянсак 2019-жылы  I-кварталда  Таджикистан  алтын сатууда дүйнөдө  үчүнчү  орунга чыкты. Алар бир тонна  алтынды сатышкан.

Алтын сатууда алдынкы орунга Өзбекстан чыккан. Алар январдан бери 6.2 тонна алтын сатышкан.

Алтын монета үйүнүн вице-президенти  Алексей Вязовский эмнеге дүйнөлүк рынокто алтынды активдүү сатып жатканын  айтты. 

«Алтын казууда чет элдик компаниялар катышкан мамлекеттерде мисалы Өзбекстан менен Таджикстанда  артыкчылыктар бар. Анткени, бул мамлекеттердин Борбордук  банктары өндүрүүчүлордөн пайдалуу баада алтынды сатып алышат. Анткени, улуттук валютасынын кунун кармап туруу керек. Алтын сатуу дал ушул шартка мүмкүнчүлүк түзөт.Баалуу металлдар валюталар курсун туруктуу кармоого, алып сатарлардын чабуулуна жана девальвация коркунучуна турушутук берүүгө колдонуучу инструмент», –деп билдирди эксперт Sputnik Таджикистан радиосунун эфиринде.

Ал дүйнөлүк рынокто алтын Борбордук банктардагы баалуу актив болуп саналат. АКШ мамлекети менен кыйын катнаштагы өлкөлөр  алтын корун топтоп, казналык облигацияларды сатып, алтын валюталык резервин тендештирип келет.

Тэги: Таджикистан золото банки экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу