Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы товар жүгүртүүсү 2018-жылы €18.5 млн

03.06.2019, 18:00 Акчабар
Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы товар жүгүртүүсү 2018-жылы €18.5 млн

2014-жылдан бери Кыргызстан менен Бельгия  соода-экономикалык кызматташтыгы өнүгүүдө. 2018-жылы бельгиянын импорту  €18 млн, кыргыз экспорту —болгону €500 миңге жеткен. Мындай маалыматтарды кыргыз-бельгия бизнес-форумунда билдирди. 

«Кыргызстан экспортко багытталган өлкө катары эсептейт. Бирок, турмушта экспортко караганда, импорт көбүүрөк. Ошондуктан, терс сальдо болууда. Биз өндүргөн товарлардын сапатын  жакшыртып, бир гана коңшу мамлекеттерге гана эмес, сыртка чет өлкөлөргө  сунуштоого жетишибиз керек», — деп билдирди «Акчабарга» КР Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Рима Апасова.

Анын айтымында Кыргызстан Борбордук Азия мамлекеттери арасында Евро Биримдигине ВСП+ жеңилдигин алган өлкө. Бул Европага нарк салыгысыз  6  миң товарды  сатууга берилген жалпы женилдик. Бул мүмкүнчүлүктөн колдонуп калуу керек. 

«Тилекке каршы биздин өндүрүүчүлөр ВСП+ жеңилдигин толук колдоно албай жатышат. Анткени, товарлардын сапатын тастыктаган сертификат берүүчү  текшерүүчү лаборатория жок. Ошондуктан, товарлар Россия менен Казахстанга чийки боюнча чыгып кетип жатат », — деп билдирди Апасова. 

Кыйынчылыктарга карабай кыргыз продукциялары Европага чыгып баштады. Учурда кыргыз текстили Европада таанымал. Ошондой эле Кыргызстандын мөмө жемиши дагы даамы менен таанылып, бренд болууда. 

«Бельгия, биз сыяктуу эле товарын сатууга жаңы рынокту издөдөө. Алар бизге эмне алып келишет? Жаңы технологиялар менен жабдыктарды. Алар өнөр жай, саркынды сууну тазалоо жана энерго системасы үчүн маанилүү жабдыктар», — деп билдирди Апасова.  

Эскерте кетели, бул Кыргызстан менен Бельгиянын ортосундагы экинчи жолугушуу. Биринчи бизнес форму 2015-жылы уюштурулган. Бул жолугушуудан кийин биргелешкен  долбоорлор иштеп, келишимдер түзүлөт. 

Тэги: бизнес Бельгия Кыргызстан бизнес-форум товарооборот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу