Россиянын Борбордук банкы жеке валютасын чыгарууну көздөйт

17.06.2019, 09:45 Акчабар
Россиянын Борбордук банкы жеке валютасын чыгарууну көздөйт

Россия Банкы өзүнчө цифралык валютаны киргизүүнү көздөп жатышат. Бул тууралуу 15-июнда Россиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллина билдиргенин  ТАСС билдирди. 

«Central Bank Digital Currency  дароо ишке ашыруу мүмкүн эмес. Бирок, баардык эле борбордук банктар, анын ичинде  Россиянын Борбордук банкы  дагы бул валютаны киргизүүнү көздөйт», — деп билдирген ал «Сколково» дагы студенттик форумда.

Мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн  Набиуллина белгилегендей, «бышкан» технологиялар зарыл. Ошондой эле коомчулук дагы канчалык нак акчадан баш тартып, «digital-валютага» даярбы  дал ушулуга байланыштуу. 

Россиянын Борбордук банкы криптоактивдерди сатып алууга сумманы чектөө киргизет. Криптоактив деп блокчейн укугу аркылуу (токендер), анын ичинде баалуу кагаздар, кыймылсыз мүлк, мүлк, команиялардыгы үлүштөр менен акчалар кирет. Криптовалюта үчүн   600  миң рубль жогорку чек болуп саналат. 

Тэги: криптовалюта Эльвира Набиуллина Центробанк Россия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу