Turkish Airlines авиакаттамдарды 28-майга чейин жүргүзбөйт

29.04.2020, 11:00 Акчабар
Turkish Airlines авиакаттамдарды 28-майга чейин жүргүзбөйт

Турциянын башкы авиакаттамы Turkish Airlines эл аралык каттамдарды 28-майга чейин жүргүзбөйт. Бул тууралуу ТАСС порталы компаниянын башкы директору Биляль Экшинин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыкты. 

«Биз бул канчалык кыйын экенин билебиз. Бирок, бул эпидемияны жеңүү үчүн аягына чейин чыдашыбыз керек. Тилекке каршы, токтотулган ички жана эл аралык катамдарды 28-майга чейин узартабыз», — деп жазган ал өзүнүн Твиттер баракчасына. 

Турциянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 27-мартта өлкөдөгү жашоочуларга коронавирустун жайылышын ооздуктоо боюнча жаңы чараларды жарыялаган. Алардын бири катары ал эл аралык авиакаттамдарды токтотуу керектигин билдирген. 

 

Тэги: Турция авиакаттам turkish airlines

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу