Турция Кыргызстан менен соттошуп «Вефа» соода борборун тартып алууну көздөп жатат

18.02.2020, 13:30 Акчабар
Турция Кыргызстан менен соттошуп «Вефа» соода борборун тартып алууну көздөп жатат

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда «Вефа» соода борборунун тегерегинде териштирүү иштери жүрүп жатат. Түркия Республикасы кыргызстандык «Аруу Жылдыз» ишканасынан «Вефаны» алууну көздөөдө. Бул тууралуу «Новости Бишкека» басылмасы жазып чыкты.

Чыр-чатактын чоо-жайын териштирүү үчүн окуянын башына кайрылалы.

Маселенин тарыхы

2006-жылы түркиялык «Өзгүн Иншаат» ишканасы Бишкекке «Вефа Центр» соода комплексин курган.

Кайра «Өзгүн Иншаат», «Вефа Центр» соода комплексин кыргызстандык «Аруу Жылдыз» аттуу ишканага 2016-жылы саткан.

2016-жылдын июль айында Түркияда козголоңчулар тобу мамлекеттик төңкөрүш жасоо аркетин көрүшүп, ызы-чуу салышкан. Өлкө бийлиги буга АКШда жашаган Фетхуллах Гүлентти күнөөлөгөн. Гүлент өзү айыптарды четке кагып, окуяны өлкө бийлиги тарабынан «сахналаштырылган окуя» деп атаган.

Бул окуялардан кийин Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Кыргызстанды Гүленттин кыймылына жана ага караштуу мүлккө каршы чара көрүүгө чакырган. Буга КР Тышкы иштер министрлиги жооп катары түрк министринин сөзүн туура эмес деп билдирип, ал эми президент аны ачык эле «абсурд» деп атаган.

«Өзгүн Иншаат» ишканасы «Гүленттин кыймылына түз тиешеси бар» деген тыянак менен Түркиянын мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилген.

Андан соң түрк бийлиги «Өзгүн Иншаат» ишканасы улутташтырылгандыгына таянып, «Вефа» соода борбору буга чейин кыргыз ишканасына сатылгандыгына карабастан, аны өз карамагына алуу аракетин кылган. Бул боюнча Кыргызстандын сотторуна арыздар жазылган. Жыйынтыгында Бишкектин райондор аралык соту чечимди кыргыз тараптын пайдасына чечип берген, бирок түрк тарап ал чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Иштин жүрүшүндө түрк тарап соттун курамына катуу басым көрсөтүп, бул иш саясий жараян эмес, кадимки жарандык иш экендигин билдирген.

Түрк тарап эмне дейт?

  1. «Өзгүн Иншаат» ишканасы» учурдагы Уставга ылайык «Вефа Центрди» сатууга ыйгарымдуу эмес болчу.
  2. «Вефа Центр» сатылган келишим Түркиянын кылмыш соту тарабынан жараксыз деп табылган.

Кыргыз тарап эмне дейт?

  1. КР Конституциясына ылайык: --- Ар бир жаран эл аралык келишимдерге ылайык укуктарын коргоо максатында адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.--- Ар бир жаран өз мүлкүнө жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына каалагандай ээлик кылууга укукту.
  2. «Вефа Центр» боюнча келишим «Өзгүн Иншаат» ишканасынын өзү менен эмес, анын филиалы менен бектитилген. Ал эми Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, филиалдар юридикалык жак болуп эсептелбейт жана аларды негиздеген юридикалык жактарга жана алар тарабынан негизделген токтомдорго баш ийет. Филиалдар жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери юридикалык жактын ишеним катынын негизинде иш алып барып, Жетекчилер кеңешинин чечимине баш ийүүгө милдеттүү.
  3. «Вефа Центрин» сатып алуу учурундагы келишим жарактуу деп табылган. Түрк мыйзамдары Кыргызтандын аймагына жайылбайт.
  4. Кыргызстандык «Аруу Жылдыз» ишканасы «Вефа Центрди» сатып алып жаткан учурда ал кийин улутташтырыла тургандыгы жөнүндө билген эмес! Демек кыргыз тарап адал жолу менен соодалашкан.

 

Адалдуу сатып алуучу- мүлктү алып жаткан учурда мүлктү берип жаткан жак аны бере албай тургандыгы тууралуу билбеген жак.

 

Эмне үчүн бул маанилүү?

  1. Түрк тарап «Өзгүн Иншаат» ишканасын улутташтыруу аркылуу адал жолу менен сатып алган кыргыз ишканасынан «Вефа Центрди» тартып алууну көздөөдө.
  2. Түрк тарап катардагы чырдашууну саясий мейкиндикке чыгарып, сотторго басым көрсөтүүгө аракет кылууда. Соттогу билдирүүлөрүндө «Өзгүн Иншаат» ишканасы бул иштеги бир тарап Түрк Республикасы экендигин баса белгилеп, сот алардын пайдасына чечим кабыл алуусу керек экендигин айтышууда. Ал эми соттор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, чечим чыгаруусу зарыл.

Алмазбек Акматалив, прфессор: «Соттор мындай иштерди абдан дыкат изилдөөсү керек. Кайсы чет элдик ишкана болгон күндө да, алар бизде катталып, эми өз өкмөтү менен соттошуп жаткандыгы өтө оор кырдаалды жаратат. Мындай учурларда биздин мызамдар канчалык деңгээлде бузулгандыгын жана сакталгандыгын эмне болгон күндө дагы так аныктоо абзел. Албетте, соттук териштирүү саясий мейкиндикке которулуп кетиши мүмкүн. Ал эми мындай учурларда соттор дадилдерге гана таянып, чечим чыгарышы керектигин унутпашы керек».

Резюме

Түрк тарап Кыргызстандын ички иштерине аралашып, өзүнүн саясий көз караштарын киргизүүгө кезектеги аракетин көрүүдө. Буга чейин түрк бийлиги Гүленттин кыймылына таандык деп эсептеген «Себат» азыр «Сапат» билим берүү мекемелеринин жабылышын талап кылып келген. Кыргызстандын жетекчилиги бул талаптарды аткаруудан баш тарткан.

Эми болсо Түркия тарап Гүлендин кыймылы менен күрөшүү шылтоосу менен Кыргызстандын мыйзамдуу түрдө сатып алган мүлкүн алууга аракет кылып жатат.

ФЕТО уюму Түркия жана Пакистандан башка бир дагы мамлекетте террористтик уюм деп табылган эмес. Жана түрк бийлиги ичиндеги келишпестиктер жалгыз гана Түркиянын көйгөйү. Ал эми Кыргызстан өз саясатын жүргүзүүдө башка бирөөнүн көз караштарынан көз каранды болбошу зарыл. Биз биринчи кезекте өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды коргошубуз абзел. Бул бардык мамлекеттик органдарына, аны менен сотторго жана инвестицияларга дагы тиешелүү. Түрк бийлигиин дипломатиялык каналдар аркылуу сотторго басым көрсөтүү аракети мыйзамга дал келбейт.  

Тэги: Турция Кыргызстан Вефа соода борбору сот

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу