Улуттук банктагы алтын запасынын баасы акыркы жылдары 4 эсе өстү

25.11.2019, 16:05 Акчабар
Улуттук банктагы алтын запасынын баасы акыркы жылдары 4 эсе өстү

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Кыргызстандын Улуттук банкынын алтын запасынын наркы 1-ноябрга карата дээрлик 48,2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылды.

Туура бир жыл мурда бул көрсөткүч 27,6 миллиард сом болчу.

Негизинен алтындын запасы акыркы жылдары тездик менен көбөйө баштады. Мисалы, 2017-жылы февралда 11,8 миллиард сомду түзүп, кийин ай сайын жаңы рекорддор жаралып келди.
Акыркы ирет эң жогорку баа ушул жылдын июль айында катталып, 41,6 миллиард сомго жеткен.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

 

 

 

 

Тэги: Улуттук банк алтын запас

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу