Бишкек ЖЭБ келтирилген чыгымдар 5 млярд сом болду

23.05.2019, 15:48 Акчабар
Бишкек ЖЭБ келтирилген чыгымдар 5 млярд сом болду

Учурда  Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого байланыштуу соттук териштирүүлөр  уланууда. «Электр станциялар» ААК менен Кыргызстандын финансы министрлиги жабыр тартуучу тараптар.  Тергөөдө аныкталган  чыгымдын суммасы 5 млрд сом болуп, реконструкция үчүн каралган суммадан эки эсе ашкан.  

22-майда «Электр станциялар» ишканасы  маалымат берип, кандай чыгаша тарткан тууралуу айтышты. 

«Жабыр тарткан тараптар тийиштүү  деңгээлде жооп беришти. айрым суроолор алардын ыйгарым уктарына кирбеген суроолор да болду.Ошондуктан, тиешеси жок суроолорду алып салууга арыз менен кайрылууга туура келди», — деп билдирди Башкы прокуратура тарабынан. 

Соттук териштирүүлөр бүгүн 23-майда дагы уланды. 

Соттук териштирүү маалында Финансы министрлигинен $386 млн   каражат кайдан алынып жана кайда жумшалганы тууралуу суроолор берилди. 

«Акча каражаттары  ШКУ алкагындагы 2013-жылдагы   «Эксимбанк»  аркылуу  насыя катары алынып, ага Кыргыз өкмөтү кепилдик берип, 2% дан 20-жылдык мөөнөткө алынган», — деп билдирди каржы тармагынан. 

Финансы жана Экономика министрликтери сүйлошүп жаткан маалда  «Эксимбанк» тарабынан Финансы министрлигине  болжолду  техникалык экономикалык негиздеме (ТЭО) келип түшкөн.

«Жогорудагы ТЭН (ТЭО) болжолду болгон,  ал Жогорку Кеңештеги  стенограммада белгиленип,  2013-жылы парламенттеги кредиттик келишимди  ратификация  алдында энергетиктер биринчи орунда ТЭН иштеп чыгабыз деп билдиришкен», —деп кошумчалады Финансы министрлиги. 

 «Электр станциялар»  ААК менен TBEA компаниясын ортосундагы келишимге ылайык  ТЭН  ТВЕА  компаниясы иштеп чыгууга милдеттеме алганын Финансы министрлиги аныктап чыккан. 

Эгерде кредиттик келишимде сакталбаган талаптар үчүн «Эксимбанкка»  мамлекеттик бюджеттен чыгашалар төлөнмөк.

Учурда кредиттик келишимдеги  карыздарды Финансы министрлиги «Эксимбанка» карыз төлөөдө. А «Электр станциялар»  ААК  каржы министрлигине каражатты которууда. Анткени, Финансы министрлиги гана  сырткы карыздарды төлөөчү  орган болуп саналат.

Эскерте кетели, 2018-жылы  26-январда Бишкек ЖЭБ авария болуп, андагы модернизациялоодогу жасалбаган аракеттер коочулукка  белгилүү болгон.  Былтыр бул кырсыктын чыгуу себептерин изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.  Териштирүү  маалында курулуш иштерине жана кызматтарга жогорулатылган баалар көрсөтүлүп, анын негизинде экии кылмыш иши козголгон.  Бул окуяга байланыштуу  Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси  Айбек Калиевге, эки  премьер-министрге Сапар Исаков менен  Жантөрө Сатыбалдиевге, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевге (анткени ал келишим түзүлгөн маалда Энергетика министри кызматын ээлеген), «Электр станциялар»  ААК экс башкы директору Салайдин Авазову жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага иш козголуп, акыркысы өлкөдөн сыртка чыгып кетип, изделүүдө. Калгандары абактарда жатышат. 

Тэги: ТЭЦ модернизация суд TBEA ущерб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу