«Кепилдик фондун» уставдык капиталы 550 млн сомго көбөйдү

18.06.2019, 10:00 Акчабар
«Кепилдик фондун»  уставдык капиталы 550 млн сомго көбөйдү

«Кепилдик фонду» ААК уставдык капиталын 550 млн сомго көбөйтүү жөнүндө Өкмөттүн буйругу кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун андан ары натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында атайын буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жалпы жыйынына жөнөкөй акцияларды кошумча эмиссиялоо жолу менен уставдык капиталын 550 млн сом суммасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көбөйтүү жана  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына “Кепилдик фонд” ачык акционердик коомунун акциялардын кошумча эмиссиясын сатып алууну сунуш кылуу сунушталат.

«Кепилдик фонду» ачык акционердик коому 2016-жылы 72 млн сом уставдык капиталы менен түзүлгөн. Бүгүнкү күнү «Кепилдик фонду» коомунун уставдык капиталы 582 млн сомду түзөт.

Компания ишмердүүлүгү учурунда 1,0 млрд сом суммасына  816 кепилдик берген, бул уставдык капиталды 100% өздөштүрүүнү шарттаган. Өнөктөш банктар кепилдиктерди тартуу менен ишкерлерге 3,4 млрд сомдон ашуун насыя беришкен. Берилген кепилдиктердин эсебинен 1 508 жаңы жумуш орду түзүлүп, иштеп жаткан 7021и колдоого алынган.

«Кепилдик фонду» ачык акционердик коомун кошумча капиталдаштыруу берилген кепилдиктердин санынын көбөйүүсүн, өнөктөш банктар тарабынан берилген насыялардын көлөмүнүн, кепилдиктердин орточо суммасынын, кепилдик портфелинин көлөмүнүн, түзүлгөн жана колдоого алынган жумуш орундарынын санынын өсүүсүн өбөлгөлөйт.

Тэги: Гарантийный фонд уставной капитал кредиты гарантии

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу