2018-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттеринин киреше бөлүгү 20 млрд 219 млн 546,8 миң сомду түздү, салыштырма салмагы 100 %ды түздү. Анын ичинде:
- жөнгө салынуучу кирешелер (жогору жактан кайра бөлүштүрүлгөн кирешелер) – 9 млрд 903 млн 271,2 миң сом (50 %);
- бекитилген кирешелер (өздүк кирешелер) – 6 млрд 207 млн 871,4 миң сом (29,2 %);
- теңдөөчү гранттар – 1 млрд 847 млн 512 миң сом (9,3 %);
- максаттуу трансферттер – 2 млрд 260 млн 892,3 миң сом (11,5 %), анын ичинде:
- ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү – 93 млн 815,3 миң сом (4,1 %);
- маянаны жогорулатуу – 387 млн 134,5 миң сом (17,1 %);
- жылуулук энергиясына кеткен чыгымдын ордун толтуруу – 200 млн сом (8,7 %);
- бийик тоолуу райондорго 50 % чегерүүлөр – 139 млн 141,5 миң сом (6 %);
- башка каражаттар – 1 млрд 440 млн 801 миң сом (64,1 %).
2018-жылы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү бюджеттеринин чыгаша бөлүгү 20 млрд 109 млн 883,8 миң сом өлчөмүндө аткарылып, салыштырма салмагы 100 %ды түздү. Анын ичинен:
- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматка – 4 млрд 608 млн 237,6 миң сом (23,2 %),
- экономикалык маселелерге – 934 млн 829,1 миң сом (4,7 %),
- турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө – 5 млрд 655 млн 838,9 миң сом (28,2 %),
- саламаттык сактоого – 273 млн 3,6 миң сом (1,3 %),
- эс алуу, маданият жана динге – 1 млрд 92 млн 730,1 миң сом (5,5 %),
- билим берүүгө – 6 млрд 745 млн 223,8 миң сом (33,2 %),
- социалдык коргоого – 719 млн 52 миң сом (3,5 %) жумшалды.